Марал Радиосу

ИИМ: Ооганстандан баңгизаттарды ташыган жаран кармалды

Ооганстанда өндүрүлгөн каннабис баңгизатын ташып бараткан жаран колго түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери алдын ала алынган маалыматтын негизинде, 1992-жылы туулган К.С. айдап бараткан «Тойота Ист» унаасын токтоткон. Айдоочунун жанында М.Н. аттуу жаран да болгон.

Унааны тинтүү учурунда багаждан эки спорттук сумкага салынган 9 таңгак жана 1 баштык зат табылган.

Эксперизалык топ бул зат каннабис чайыры экенин аныктаган. Нашаанын жалпы салмагы 9 кг болгон.

Кармалган жигит Токтогул райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.