Марал Радиосу

Бишкекте эки унаа катары менен өрттөнүп кетти

Бишкек шаарынын Худайбергенов көчөсүндө жол жээгинде токтоп турган эки унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя бүгүн, 1-декабрда саат 03.20лар чамасында болгон. Биринчи болуп Мерседес-Бенц өрттөнүп баштаган. Андан кийин жакын турган Toyota Camry С-230 унаасына өткөн.

Өрт саат 03:50дө чектөөгө алынып, саат 4.08де толук өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип жатат.