Марал Радиосу

Жакыр үй-бүлөлөр светти 700кВт саатка чейин 50 тыйындан төлөйт

Жакыр үй-бүлөлөр электр энергиясын 1-январдан тарта 50 тыйындан төлөйт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, бул тариф 700 кВт саатка чейинки чектөө менен берилет. Эгер андан ашса, 2 сом 16 тыйындан эсептелет.

Учурда министр Доскул Бекмурзаевдин тапырмасы менен Отун-энергетика комплексин көзөмөлдөө агенттиги бул боюнча атайын токтомдун үстүндө иштеп жатат. Документ даяр болгондо, Министрлер кабинетине жөнөтүлөт.

Айта кетсек, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда Президент Садыр Жапаров жакыр үй-бүлөлөргө светтин баасын 50 тыйындан кылуу тапшырмасын берген эле.