Марал Радиосу

Бишкекте муз үстүндө бийлөө боюнча эл аралык турнир өтөт

1-3-декабрда Бишкек шаарынын башкы муз тебүү аянтчасында Мэрдин Кубогуна арналган балдар, жаштар жана чоңдор арасында муз үстүндө бийлөө (фигурное катание) боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Турнирге Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 90дон ашык спортчу катышат.

Мэрияга караштуу дене тарбия жана спорт башкармалыгы Коньки тебүү федерациясы менен биргеликте уюштуруп жаткан бул иш-чаранын ачылышы 1-декабрь саат 16:00дө болот.