Марал Радиосу

Таласта шайлоого нааразы тараптар митингге чыкты

Кара-Буура районунда 100гө жакын адам митингге чыкты. Бул тууралуу «Фейсбукка» Семетей Аманбеков жазды.

Нааразы тараптар Дастан Жумабековдун жеңишине макул эместигин, Мирлан Назарбеков өтүшү керектигин айтышып, шайлоонун алдын ала жыйынтыгына каршылыгын билдирип жатышат. Алар шайлоодо пара берүү, админресурс колдонуу болду деп эсептешет.

Алдын ала жыйынтык боюнча, Мирлан Назарбеков 13 миң 190 добуш, Дастан Жумабеков 13 миң 252 добуш алган.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Учурда добуштар кол санактан өтүп жатат.