Марал Радиосу

Усубалиев Талайбек Коргоо министринин биринчи орун басары болду

Талайбек Усубалиев Коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы кабарлады.

Тийиштүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Нурлан Кирешеев Коргоо министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.