Марал Радиосу

«Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров үйүнө кайтып келди

«Ордо» партиясынын дайынсыз жоголгон лидери Мирбек Мияров үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Мирлан Мамытов билдирди.

Анын айтымында, Мирбек Мияров байланышка чыгып, эки күндөн бери кайда жүргөнүн түшүндүргөн.

«Биздин жетекчи тоого кеткен экен. Ал жерде анын телефонунун батареясы түгөнүп, унаасы бузулуп калган. Жубайы анын кайда экенин билгендиктен милицияга кабарлаган эмес», — деди Мирлан Мамытов.

Белгилей кетсек, «Ордо» партиясынын лидери 28-ноябрь Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү саат 15:00 чамасында добуш берип чыккандан кийин дайынсыз жоголгон. Ал боюнча партиялаштары маалымат каражаттарына билдиришкен.