Марал Радиосу

Улуттук кардиология борборунун жетекчиси кызматынан бошотулду

Улуттук кардиология жана терапия борборунун жетекчиси Акпай Сарыбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Директордун милдетин убактылуу аткаруу УКМКнын тез жардам, кардиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Медет Бейшенкуловго жүктөлдү. Бүгүн аны Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жамаатка тааныштырды.

Эскерте кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинде Улуттук кардиология жана терапия борборунун ишинде аудиттин жүрүшүндө бир топ мыйзам бузуулар аныкталганы маалымдалган.

Exit mobile version