Марал Радиосу

Бишкекте орус тилчилердин эл аралык форуму өтөт

Бишкекте орус тилчи мугалимдердин эл аралык форуму 10-декабрда өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Форумда стратегиялык сессиялар, лекциялар, тегерек столдор жана чет өлкөлөрдө орус тилин окутуу жаатында таанылган эксперттердин, окумуштуулардын жана илимпоздорун чеберчилик сабактары өтүлөт. Ага Кыргызстандан филология илимдеринин доктору, Кыргыз-Орус Славян университетинин профессору Мамед Тагаев катышат.

Маалым болгондой, форумга Армения, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Молдовадан келген орус тили мугалимдери менен орус тилиндеги ачык билим берүү борборлорунун өкүлдөрү катышып, Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн мугалимдеринин кесиптик байланышы бекемделет.

Иш-чара тууралуу бардык маалыматтар forum-education.online расмий сайтына жайгаштырылган.

Exit mobile version