Биз менен байланышыңыз

Оппозициячыл партиялар БШКга эки күн убакыт берди (видео)

Кыска кабар | 29 Ноя 2021 | 1081 | 0

28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, БШКга барган партия өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясына эки күн убакыт беришти.

Чогулгандар шайлоону таза эмес өткөргөн БШК мүчөлөрүн жоопко тартууну, шайлоонун ыплас өтүшүнө шарт түзгөн Өкмөттүн отставкасын, андан тышкары тез арада кайра шайлоо жарыялоону талап кылышты.

«Ата Мекен» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Али Токтакунов мыйзамсыздыкка, чагымчылыкка жол берилбесин, бирок мыйзамдуу түрдө уурдалган добуштарды коргой турганын билдирди.

«Биз башаламандыкка, бийликти басып алууга каршыбыз. Бирок эл добушун бардык мыйзамдуу жолдор менен коргойбуз. Ошондуктан башты жерге салбагыла, биз таасир эте алабыз, биз мыйзамдуу талаага кайтып келе алабыз» , — деди Токтакунов.

Copyright © 2017 Maral FM