Биз менен байланышыңыз

Жапаров добушун эмне үчүн Равшан Жээнбековго бергенин түшүндүрдү

Кыска кабар | 29 Ноя 2021 | 2558 | 0

Президент Садыр Жапаров эмне үчүн шайлоо күнү добушун камакта жаткан талапкер Равшан Жээнбековго бергенин түшүндүрдү.

Анын «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланган билдирүүдө Равшан Жээнбековго боору ооруганы айтылат. Анын күнөөсү бар-жогун укук коргоо органдары чечерин, ага кийлигишүүгө акысы жок экенин билдирди.

Ошондой эле өзү да түрмөдө жатканда президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз бергенин, бирок ошол кездеги президент (Алмазбек Атамбаев) шайлоого катыштырбаганын кошумчалады.

Президентке көптөр кайрылып, добушун Жээнбековго эмес, өзүнө бербегени үчүн таарынышкан.

«Мага көптөгөн дос-тааныштарым суроо берип, айрымдары: «Добушуңузду Равшан Жээнбековго бербестен, мага берип койсоңуз эмне болот элеңиз», — деп таарынып жатышат. Ооба. Мен добушумду камакта жаткан талапкер Равшан Жээнбековго бердим. Ал азыр камакта. Анын күнөөлүү же күнөлүү эмес экенин укук коргоо органдары менен сот чечет. Алардын иштерине кийлигишкенге эч кимибиздин акыбыз жок. Мындан ары система, анан мыйзамдар так иштеши керек. Кыргызстандыктар ошого көнүшүбүз керек.

Ал эми эмне үчүн Равшан Жээнбековго добуш бергенимдин себеби төмөнкүчө:

Камакта жаткан адамдар мейли күнөөсү барбы же жокпу, анысына карабай мусапыр болушат. Боорум ооруйт. Андан сырткары Равшан Жээнбеков 2017-жылдагы менин ахыбалымдай камакта жатат. Мен да 2017-жылы камакта жатып президенттик шайлоого катышам деп арыз бергем. Бирок мени Атамбаев шайлоого катыштырган эмес. Равшан болсо катышып жатат. Балким өтүп кетсе, камактан чыгып калар беле деген эле оюм болду. Башка эч бир сыры жок. Кудай өзү көрүп турат. Саясатташтырбагыла. Антип менин бюллетенимди журналисттер сүрөткө тартып аларын билгенимде сагыраак болмок экем», — дейт Жапаров.

Садыр Жапаров 28-ноябрда Бишкектин №26 Ленин округунан депутаттыкка талапкер болгон Равшан Жээнбековго добуш бергени айтылууда. Журналисттер Жапаровдун бюллетенди урнага салып жаткан учурун сүрөткө тартып алышкан.

Садыр Жапаров Равшан Жээнбековго добуш бердиби? (сүрөт)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM