Биз менен байланышыңыз

Шайлдабекова мыйзам бузуулар боюнча арыз берүүгө чакырды (видео)

Кыска кабар | 29 Ноя 2021 | 1253 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптардын алдына чыкты.

Ал кечээ сайтка чыккан таблицанын катасы үчүн кечирим сурап, учурда БШКнын сервердик системасы так иштеп жатканын айтты.

Мындан сырткары акыркы жыйынтык ар бир участка кол менен санагандан кийин чыга турганын белгиледи.

Шайлдабекова ар бир шайлоо тилкесинде мыйзам бузуулар болсо, арыздарды округдук шайлоо комиссиясына берүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM