Президент Садыр Жапаров Бишкектин №26 Ленин округунан депутаттыкка талапкер болгон Равшан Жээнбековго добуш бергени айтылууда. Бул тууралуу «Евразиянет» басылмасынын (Eurasianet) редактору Питер Леонард «Твиттер» баракчасына жазды.
Анда Жапаровдун бюллетенди урнага салып жаткан учурундагы сүрөтүн көрүүгө болот. Өлкө башчысы тизмеде биринчи турган талапкердин тушундагы графага белги койгон.
«Прессага атайын ачыкталган болушу мүмкүн (же балким андай эмес), президент Жапаров 2019-жылдын августундагы башаламандык боюнча айыпталып, иши сотто каралып жаткан Равшан Жээнбеков үчүн жергиликтүү бир мандаттуу округда добуш берди», — деп жазды ал.
№1 ЖЕЕНБЕКОВ РАВШАН БАБЫРБЕКОВИЧ |
4 058 |
10.68% |
|
|
|
№2 НУРЛАНБЕКОВ АКТИЛЕК НУРЛАНБЕКОВИЧ |
840 |
2.21% |
|
|
|
№3 ЭСЕНАМАНОВ МУРАТ КУБАНОВИЧ |
1 123 |
2.96% |
|
|
|
№4 АЛСЕИТОВ АЙБЕК ЖУСУПОВИЧ |
699 |
1.84% |
|
|
|
№5 КУНАКУНОВ МАКСАТ КАСЫМЖАНОВИЧ |
3 917 |
10.31% |
|
|
|
№6 ЖОЛДОШБАЕВ КАМЧЫБЕК |
0 |
0% |
|
|
|
№7 УСУПБЕКОВА АНАРКУЛ МЫРЗАБЕКОВНА |
1 341 |
3.53% |
|
|
|
№8 ТАШИЕВ АНАРБЕК РЫСКУЛОВИЧ |
1 430 |
3.76% |
|
|
|
№9 АБИРОВ ЖАНЫБЕК БОЛОТБЕКОВИЧ |
11 535 |
30.37% |
|
|
|
№10 КАЛЫКОВ УЛУГБЕК АБДИСАТАРОВИЧ |
423 |
1.11% |
|
|
|
№11 МАКЕШОВ КУБАНЫЧБЕК БЕКТЕМИРОВИЧ |
537 |
1.41% |
|
|
|
№12 БААРЫНА КАРШЫ |
10 700 |
28.17% |
|
|
|
Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өттү. Анын алдын ала жыйынтыгы боюнча, 6 партия босого чектен өттү:
- «Ата Журт Кыргызстан» – 16,44%;
- «Ишеним» – 13,2%;
- «Ынтымак» — 10,65%;
- «Альянс» – 8,07%;
- «Бүтүн Кыргызстан» – 6,58%;
- «Ыйман Нуру» — 5,95%.
Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдан 287 талапкер катышты.