Марал Радиосу

Бишкектеги мейманканалардын биринен өрт чыкты

Бишкекте туристтердин конок үйүнүн чатыры күйүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 29-ноябрда таңкы саат 4:55те Күрөңкеев көчөсүндөгү конок үйдүн чатыры күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүү үчүн 3 бригада иштеп жатат.

Учурда өрт чектөөгө алынган, бирок дале өчө элек. Конок үйдүн 250 чарчы метр чатыры күйгөн.