Бүгүн, 28-ноябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы №3212 шайлоо участогуна жаңы үй-бүлө куруп жаткан жаштар келип добуш беришти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы «Фейсбук» баракчасына жарыялады.
Сүрөттөн жаш жубайларды үйлөнүү үлпөт көйнөгү менен көрүүгө болот.