Марал Радиосу

Баткен: Шайлоочуларга орой мамиле жасалып жатканы айтылды

Баткен районунун Көк- Таш айылындагы №8064 шайлоо участкасынын төрагасы Абдыразак Масалиев шайлоонун жүрүшү тууралуу журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартты.

Мындай маалыматты «Баткен ТВнын» кабарчысы Айжан Кубатбек кызы Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Журналисттерге орой мамиле жасаганы менен өзгөчөлөндү. Журналисттер эмес, шайлоочуларга да одоно мамиле жасоодо. Мындайларды эмнеге көпчүлүк менен иштеген жерге коюшат?», — деп жазды кабарчы.