Марал Радиосу

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында башкы балаты орнотулууда

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында Жаңы жылдык башкы балаты орнотула баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Учурда балатынын сөөгү тургузулуп жатат. Аянттын айланасы тосулуп, кызматкерлер иштөөдө.

Монтаждоо иштери бүткөндөн кийин «Бишкек жарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери балатыны кооздоп баштайт.