Марал Радиосу

Жапаров Ашхабад шаарына барды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына барды. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматы кабарлады.

Жапаровдун учагы Ахшабад шаарындагы эл аралык аэропортко конду, анда Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилгенин сүрөттөрдөн көрүүгө болот.

Президент Садыр Жапаров Ашхабадда Экономикалык Кызматташтык Уюмунун XV саммитине катышат. Бүгүн кечинде кайра Бишкекке келет.