Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 29-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Жолдордо кар, муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9;
Талас жергесинде түнкүсүн -10…-15, күндүз +5…+10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…+5;
Бишкекте 29-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз +5…+7 градус жылуу.