Марал Радиосу

Шайлоо: Пекин жана Сеул шаарларында добушканалар ачылды

Бугүн, 28-ноябрда Пекинде Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин консулдук округунда жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин имаратында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого добуш берүү үчүн №9040 шайлоо тилкеси ачылды.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Шайлоо участогу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин иштейт.

Ошондой эле Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин имаратында да Сеул убактысы боюнча саат 8:00дө добуш берүү үчүн №9042 шайлоо участогу ачылды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, эртең мененки саат 8ден баштап Кыргызстандын Сеул шаарындагы элчилигинин консулдук каттоосунда турган кыргызстандыктар добуш берүүгө катышууда.