Бүгүн, 28-ноябрь — Жогорку Кеңештин парламенттик шайлоо күнү.
Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык шайлоочулардан COVID-19 га байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону суранат.
Ага ылайык, бардык шайлоо тилкелеринде төмөнкү эрежелер киргизилген:
беткап тагынуу;
социалдык аралыкты сактоо;
колду антисептик каражаттары менен тазалоо.