Марал Радиосу

Үгүтчүлөр: «Ишеним» партиясы эмгек акыбызды бербей жатат (видео)

«Ишеним» саясий партиясы үгүтчүлөрдүн эмгек акысын бербей жатат. Бул боюнча «Маралга» жардам сурап, Абибекова Гүлнара аттуу жаран кайрылды.

Анын айтымында, партиядан талапкер Жанна Ильина Аламүдүн районунун Пригородное айылынан ар бирине 20 миң сомдон төлөп берүү келишим-шарты менен 30 адамды үгүт жүргүзүүгө жалдаган. Айтылган акчалар кечээ, 26-ноябрда берилмек. Тилеккке каршы, алардын ичинен төрт адамдын гана акчасы банк аркылуу которулган.

Үгүтчү талапкер ар кандай шылтоолор менен акысын бербей жатканын, ал тургай 800 сомдон патентти да өз жандарынан төлөп алышканын, акча талап кылып, кечээ, 26-ноябрда штабга барышканда, орой сөздөр менен сөгүп кубалап чыкканын билдирди. Ошол эле учурда үгүтчүлөр түзүлгөн келишимди кечээ гана колдоруна алышкан, анда мурда жазылган 20 миң сомдон деген жери 10 миң сом деп оңдолуп калган.

Алар бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышканда, арыз жазып берсе, маселе караларын маалымдашкан. Талапкер эртеңден калбай банк аркылуу которорун убада кылгандыктан, арыздануудан баш тартышкан. Бирок бүгүн да акча берилген эмес.

Бул маселе боюнча партияга байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Эртең, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Башмыйзам боюнча парламент 90 депутаттан туруп, анын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланып келет.