Марал Радиосу

Акыйкатчы аппараты көчмө добуш берүүгө көз салууда

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери бүгүн, 27-ноябрда жер-жерлердеги көчмө урна менен добуш берүү жараянына байкоо салууда. Бул тууралуу аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Айрыкча, добуш берүүдө мыйзамдын сакталышына, укук бузуулардын бар же жогуна, коронавирус инфекциясынан коргонуу чараларынын аткарылышына көңүл бурулууда.

Акыйкатчы институту шайлоого чейин жана шайлоо учурунда мыйзам бузган учурлар катталса, «115» кыска номерине, ombudsman.kg сайтына билдирүү таштап коюуну өтүнөт. Мунун негизинде атайын жыйынтык чыгарылып, тиешелүү тараптарга талап коюлат.

Exit mobile version