Марал Радиосу

Көзү азиз укалоочу Айнагүлгө жеке ишкер батир белек кылды

3-декабрь — Майыптар күнүнө карата «Элим, барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фондунун каттоосунда турган Темиркул кызы Айнагүлгө атын атагысы келбеген жеке ишкер бир бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Учурда бир бөлмөлүү батир Темиркул кызы Айнагүлдүн атына каттатылды. Батир учурда курулуп жатат, бир жылдан кийин пайдаланууга берилет.

Айнагүл Темиркул кызы — бир баланын апасы, көзү азиз экенине карабай, укалоочу болуп иштеп келет.