Марал Радиосу

 Кургак учукту аныктоо жана дарылоо акысыз жүргүзүлөт

Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык, кургак учук менен ооругандар жеңилдик берилүүчү категорияга кирет.

Тактап айтканда, кургак учук менен ооругандар тармактык бөлүмдөрдө, ооруканаларда, медициналык борборлордо, фельдшердик-акушердик пункттарда дарыгерлердин кеңешин, лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөрдү, дары-дармекти акысыз алышат.

Эгерде оорулуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу документи болсо (иштегендер; пенсиядагылар; социалдык жөлөк пул алгандар; он алты жашка толо элек балдар; баштапкы кесиптик окуу жайлардын окуучулары; орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттери; ММК төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөндөр жана ММК полисин сатып алгандар), анда алар дары-дармек менен жеңилдетилген шартта камсыз болуу укугуна ээ.