Марал Радиосу

Күндүн сүрөтү: Тарых музейине кезекке тургандар дагы деле көп

Бүгүн, 26-ноябрда күндүн суугуна карабай, Улуттук тарых музейин көргүсү келгендер узун кезекте турат.

Сүрөттү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

Беш жылдан бери жабык турган Тарых музейи 19-ноябрда расмий ачылды.

Музейге 20-ноябрдан 30-ноябрга чейин кирүү акысыз, андан кийин акылуу кызмат көрсөтүлөт.