Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Moderna вакцинасы келди

Кыска кабар | 25 Ноя 2021 | 480 | 0

Кыргызстанга коронавируска каршы «Модерна» вакцинасынын 115 миң 200 дозасы келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Вакцина курамына дүйнөнүн 172 өлкөсү кирген COVAX долбоору аркылуу алып келинген жана Франция өкмөтү тарабынан берилген.

Вакцинаны кабыл алуу иш-чарасына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, БУУнун Кыргызстандагы тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиело, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаусс, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жетекчиси Кристин Жольм катышты.

Вакцина Бишкек шаарынын жашоочуларына 2 күн аралыгында жеткиликтүү болот.  Ал эми өлкөнүн башка аймактарына вакцина бир аптанын ичинде жеткирилет.

Moderna вакцинасы америкалык Улуттук аллергия жана жугуштуу оорулар институту тарабынан иштелип чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM