Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаевдин баш коргоо чаралары узартылды

Кыска кабар | 25 Ноя 2021 | 274 | 0

Бишкектин Биринчи май райондук соту Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев, мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаровду камакта калтырды.

Мурдагы аткаминерлердин баш коргоо чарасы 2022-жылдын 30-январына чейин узартылды.

Эскерте кетсек, аты аталган адамдардын баары «Кумтөр» иши боюнча шектүү катары кармалган.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM