Биз менен байланышыңыз

Байсалов: Элеттик аялзаты — өлкөнүн өзгөчө күчү

Кыска кабар | 25 Ноя 2021 | 160 | 0

Баткен облусунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда «Гендердик зомбулукка каршы активдүү иш-аракеттин 16 күнү» жалпы республикалык кампаниясы ишин баштады. Анын максаты – коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка бөгөт коюусун жогорулатуу, калктын зомбулук боюнча түшүнүгүн жана маалымдуулугун жогорулатуу.

Бул акция жыл сайын 16 күнгө созулуп , 25-ноябрда башталып, 10-декабрга чейин жүргүзүлөт.

Байсалов белгилегендей, аялдар алдыга койгон максаттарына умтулуп келет.

«Элет жеринде жашаган биздин кыздар, аялзаты өлкөнүн өзгөчө күчү, деми болуп саналат. Алар өздөрү жашап жаткан аймактардын агрардык, социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошуп келе жатышат. Ушул жылдын апрель айында Баткен облусундагы чек ара жаңжалдарын жөнгө салууда, анын кесепетинен келип чыккан орчундуу маселелерди чечүүдө, жабыр тарткан адамдарга жардам берүүдө, эвакуация маселелерин жөнгө салууда, гуманитардык жардамды таркатууда, дегеле жаңжал чыккан аймакта тынчтыкты орнотууда баткендик аялдардын ролу баа жеткис. Ошондуктан, бул иш-чаранын Баткен жергесинде өткөрүлүүсү өзүнчө мааниге ээ. Президентибиз Садыр Жапаровдун, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун атынан сиздерге терең таазим этем», – деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM