Марал Радиосу

Момбековдун диплом чыры: БШКнын чечими туурабы?

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Социал-демократтар» партиясынан талапкер Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетти. Буга анын диплому жасалма экени негиз болду. Рыскелди Момбеков мындан улам административдик сотко арызданарын жана акыркы убакта бийликти сындаганы үчүн кысымга кабылганын айтып, аягына чейин күрөшөрүн билдирди. Момбековдун шайлоого үч күн калганда четтетилүүсү коомчулукта кызуу талкууга алынды. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

19-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Момбековдун диплому жасалма болуп чыкканы боюнча БШКга маалымат берген. Алар келтирген жүйө боюнча Момбековго Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин диплому жасалма номер менен берилген, ал бул окуу жайда окуган эмес, бул номердеги диплом Михаил Стародубцевге таандык болгон.

Момбеков БШКга дипломунун көчүрмөсүн алып барган, документтин аныктыгын текшертүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлүп, алар бул диплом Момбековго берилбегенин билдирген.

24-ноябрда БШК Билим берүү жана илим министрлиги жөнөткөн каттын негизинде Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетти.

Мыйзам боюнча Момбековдун дипломунун жасалма-аныктыгын сот териштирип, сот чечим чыгарышы керек. БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов дал ушул соттун чечими жок болгондуктан биринчи отурумда каршы добуш берген. Анткен менен БШК мамлекеттик органдардын документтерине таянып чечим кабыл алып, мыйзам чегинде иш жүргүзүп жатканын белгилейт ал.

«Мен башында соттун чечими болушу керектигин белгилеп, биринчи отурумда каршы добуш бергем, бирок жалгыз болуп калдым. Башында материалды көргөн эмес болчумун. Кийин келип карасам, Билим берүү жана илим министрлигинин «диплому жараксыз» деген каты бар экен. Биз чечим кабыл алууда мамлекеттик органдардын берген материалдарына таянабыз». 

24-ноябрдын кечинде Рыскелди Момбеков «Инстаграм» баракчасы аркылуу видеокайрылуу жасап, анда ачуу сыны үчүн бийлик башында отургандарга жакпай жатканы боюнча буга чейин маалымат алганын айтып, административдик сотко арызданарын билдирди.

«Алардын чечими эч кандай мыйзамга сыйбаган абийирсиз чечим болуп калды. Бул — мага болгон саясий куугунтук, саясий кысым. Эртең кичи мекеним Таластын Шекер айылында шайлоочулар менен жолугушуум белгиленген болу. БШКнын чечимин угуп, бараткан жеримен Бишкекке кайттым. Менин конституциялык укугум бузулуп жатат».

Көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек Момбековдун 5 жыл депутат болуп турганын белгилеп, эмне үчүн ошол убакта текшерүүгө алынбай, акыркы үч күндө четтетип жатканына таң калуусун жашырбады.

«Бул киши беш жыл депутат болуп турган, ошол убакта эмнеге чыккан жок? Ошол убакта деле текшерүүдөн өтүп шайланган да. Бул үчүн ким жооп берет, а эмне үчүн акыркы сындарынан кийин бул аябай маанилүү болуп кетти? Анын эл ичинде салмагы жана аброю жогору болгондуктан, бийлик үчүн «неудобный» депутат болгондуктан, Жогорку Кеңешке бара турган болсо, бийликке чоң көйгөй жаратат. Себеби ыңгайсыз суроолорду берет, маселелерди көтөрүп чыгат, жаап-жашырбай ачык айтат. Мунун баары — бийликтин башын оорута турган нерселер. Анын алдын алып, бирок кандай болгону белгисиз, ушундай нерселерге кийлигишүүсү суроо жаратат. Өзү негизи адилетсиз шайлоого себеп болгон БШКдан бул шайлоодо эмнеге адилеттүү чечим күтүп жатабыз, мен ошону түшүнбөйм. Ошол эле учурда булар айрым талапкерлердин мыйзам бузууларына көз жумуп жатпайбы. Момбековго окшогон, Бекешевге окшогон талапкерлердин артынан сая түшүп жатканы кейиштүү. Демек, Кыргызстанда көп нерсе өзгөргөн жок».

Бордук шайлоо комиссиясы мындай маселелерди шайлоого үч күн калганда эмес, талапкер катары каттап жатканда карашы керектигин саясат таануучу Эмил Жороев белгиледи.

«Талапкер катары катталгандан кийин, расмий күбөлүк берилгенден кийин шайлоого катышып кете бериши керек болчу. Азыр Рыскелди Момбеков сотко бере турганын билдирди. Соттон утулуп калчу болсо, шайлоого катыша албайт, шайлануу мүмкүнчүлүгүн жоготот. Негизи эле бир канча жагдайлар талаштуу көрүнөт. Анткени так ошол жараксыздыгы же башка мыйзам бузуу менен алынганы тиешелүү органдардын териштирүүсү менен гана аныкталышы керек. Боршайкомдун тергөө, иликтөө мүмкүнчүлүктөрү жок. «Кайсы бир деңгээлде саясий өңүт барбы?» деген суроо туулбай койбойт. Албетте, аны бекем айтуу деле кыйын, себеби жаңы мыйзамда «жогорку  билими болушу керек» деген талап коюлган, ал боюнча «Ата Мекен» партиясы Конституцияга каршы келет деп сотко кайрылган, бирок маселе каралган эмес».

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо аралаш система менен өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жогорку билимдүү болушу керек.

«Социал-демократтар» партиясы дипломдун капысынан текшерилиши оппозициялык депутатка кысым көрсөтүү, анын үгүт иштерин үзгүлтүккө учуратуу аракети экенин белгилеп келет. Бүгүн БШКнын чечимин сот карай турганы күтүлүүдө.