Биз менен байланышыңыз

«Ыйман Нуру» партиясынын өкүлдөрү добуш сатып алууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 25 Ноя 2021 | 3981 | 2

Ош шаарынан «Ыйман Нуру» партиясынын эки өкүлү добуш сатып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Келип түшкөн маалыматтын негизинде текшерүү жүргүзгөн шаардык милиция кызматкерлери «Ыйман Нуру» саясий партиясынын өкүлдөрү добуш сатып алуу үчүн акча таратканы аныкталган. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 192-беренеси (шайлоочунун добушун сатып алуу) менен катталып, андан аркы иликтөө иштери башталган.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында Ош шаарындагы Автозаводская көчөсүнүн 39 жаштагы тургуну М.И. кармалып, суракта «Ыйман Нуру» саясий партиясына үгүтчү экенин, 22-ноябрда Алмагүл аттуу штаб башчысынан 40 миң сом алып, аны добуш сатып алуу үчүн Латипжанов көчөсүнүн тургундарына таратып берип жаткан учурда кармалганын моюндаган.

М.И. айдаган «Матиз» унаасын тинтүү учурунда 20 даана 500 сомдук купюра, 4 даана «Ыйман Нуру» партиясынын үгүт баракчасы табылган.

Ушундай эле шек менен аталган партиянын башка да үгүтчүлөрү Т.Д. менен У.Н. да кармалган. Алар Алмагүлдөн үгүт маяна катары 10 миң сом жана добуш сатып алуу үчүн акча алышканын, аны шайлоочу Т. Л.га беришкенин айткан.

Айтылгандардын негизинде штаб башчысы Алмагүлдүн өздүгү да такталган. Ал өз көрсөтмөсүндө «Ыйман Нуру» саясий партиясынан депутаттыкка талапкердин үгүт иштерине жардам берип жүргөнүн, ар бир добушка 1000 сомдон акчаны ортомчу жарандар аркылуу жогоруда кармалган эки жаранга бергенин билдирген.

Кармалган жарандар М.И. жана Т.Д. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

2 пикир

2 пикир

  1. НАЗИРА

    25.11.2021 19:16

    НЕ МОЖЕТ БЫТЬ ТАКОГО ЭТО ПРОСТО ПОДСТАВА… МОМОЛУУ ДАРАКА ТАШ ЫРГЫЙТ,КОРАЛБАГАНДАР ТУЗ ЖАЛАГЫЛА ЖАЛАА ЖАППБАЙ!!!

  2. Камчыбек

    25.11.2021 20:57

    Ыйман нуру партиясын жоопко тартып, четтетилсин шайлоодон

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM