Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК) Жогорку Кеңешке өтө турган шайлоого байланыштуу дебаттар өтүп жатат.
Бир мандаттуу 36 округдан шайлоого катышып жаткан талапкерлер да облустук медиаларда таймашууда.
— Сиздердин оюңуздар боюнча, быйылкы дебаттар суз өтүп жаткан жокпу? Шайлоочунун тандоо жасашына таасири канчалык?
Азият Жекшеев: — Мен дебаттарды толук көргөн жокмун. Үзүндүлөрүн гана социалдык тармактардан көрүп калып жатам. Ошолорду көрүп отуруп да дебаттарга көңүлүм толгон жок. Анткени программаларын тааныштыруу эмес, жеке кайым айтышуу болуп жатат. Бири-биринин мурдакы кылган жоруктары жөнүндө эле сөз болуп жатат.
Таймаш ар бир талапкердин келечектеги платформасын, көздөп жаткан максаттарын чагылдырышы керек болчу.
Мурдагыга салыштырмалуу азыр дебаттарга жаш муундун өкүлдөрү көбүрөөк чыга баштады. Буга чейин эски саясатчылар эле улам чыгып, алардын кайым айтышууларын угуп отурчубуз. Азыр ошолорго эле аралашып кеткен, бирок жаш муундун өкүлдөрүнүн айтыштарын көрүп жатабыз.
Эл да талапкерлердин программасын ачып окугандан эч нерсе өзгөрбөй турганын билип, ишеними кетип калган. Анткени программада эмне деген убадалар жазылса да, талапкер парламентке өтүп, депутаттык төш белгини, мандатты алары менен башкача оюндар башталып кетет — портфель талашуу, кызмат талашуу жана башка. Так ушул себептер шайлоочунун талапкерлердин программасын окубашына алып келди.
Анын үстүнө азыркы парламент чындап кааласа да, көп ишти аткарууга мүмкүнчүлүгү жок. Башмыйзамда жазылып калган, депутаттар «үйдө байланган күчүккө» айланып калышат. Же мыйзам кабыл алышпайт, же өкмөттүн ишине көзөмөл кыла алышпайт, жөн гана президенттен келип түшкөн мыйзамдарды колдоп, кнопка басууга эле аргасыз болушат. Анча-мынчасы чыгып, микрофондон кыйкырышы мүмкүн. Ошол үчүн бараткандар деле бар болсо керек. Бирок андан да пайда жок, жакында эле вице-премьер-министр Эдил Байсалов: «Президенттин саясатын колдогон депутаттар менен иштешебиз», — деп ачык эле айтты.
Али Шабдан: — Биринчиден, дебаттын маанисине кайрылышыбыз керек.
Аттын күлүгүн чабышта билсек, саясатчынын күчтүүсүн дебатта билебиз. Экинчиден, быйылкы дебаттар эмнеге көп мааниге ээ болбой, элдин кызыгуусун арттырбай жатат? Анткени парламенттик шайлоого бара жаткан депутаттардын ыйгарым укуктарын карай турган болсок, азыркы Конституция боюнча Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары абдан чектелген. Бул дебатта талапкерлердин чоң-чоң маселелерди көтөрүүсүнө тоскоолдук жаратат. Себеби анда «мындай иштерди жасайм, муну кылам» деп айта берсе, популизм болуп калат.
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын ыйгарым укуктары абдан көп болчу. Бирок ошондо да эч нерсе жасабаган эл өкүлдөрү азыркыдай шартта, Конституция боюнча ыйгарым укуктары чектелген шартта көп маселени көтөрүүгө, чоң программаларды жазып, ишке ашырганга мүмкүнчүлүктөрү да жок. Ошондуктан былтыркыдай болуп, быйыл «люстрация өткөрөбүз» деп айтып чыккан талапкерлер да жок. Борборлоштуруу, парламенттин орду тууралуу маселе көтөрө турган болсо, бул популизм катары кабыл алынып калат. Себеби азыркы бийликтин парламентке болгон позициясын «эмне кылсаңар да кылыбыз кыйшайбайт» деген сөздөн улам көрдүк. Бул — азыркы талапкерлерге абдан чоң нота.
Дебаттардын супсак болуп жатканынын себеби да ушунда. Парламенттин таасири азайган.
Дагы бир маселе шайлоо өнөктүгүнүн убактысында. Мисалы, чет мамлекеттерде үгүт иштери үч айга созулат. Акыркы бир айы жалаң дебатка бөлүнөт. Бул теледебаттардын маанилүү экенин билдирет. Американы карасак, талапкердин дебатка келбей коюшу – чабышка аттын чыкпай койгонундай эле кабыл алынат. Президенттик шайлоодо талапкер болгон Барак Обама менен Жон Маккейн чыкканда алардын рейтингдери бир эле дебаттан көз каранды болгон. Жон Маккейн экономикалык тармак боюнча кичине утулуп калып, көп добуштарын ошол 2,5 сааттык дебаттан кийин алдырып койгон. Ошон үчүн келечекте дебаттар абдан жакшы шоу болот деп ишенем.
Дагы бир жагдай, дебаттарды өткөрүү маданиятында. Мисалы, мамлекеттик каналдардан көрсөтүлөт, ал жерде кайсы бийлик келбесин, ошонун камчысын чаап, сөзүн сүйлөп жүргөн алып баруучулар шамал кайсы жактан келсе, ошол жакка ыктаган суроолорду берген учурларды билебиз. Маанисиз эле суроолорду бергендерин көрүп жүрөбүз. Ошондуктан дебатты өткөрүүнүн маданиятын акырындан өнүктүрүп, кызыктуу, башкача форматта өткөрүү керек.
Партиялардын программаларына көз жүгүртүп көрсөк, арасында амбициялуу максаттар көп жазылган. Ошол эле учурда конкреттүү багыттарды көрсөткөн программалар аз десек адашпайбыз.
— Эмнеге бизде программага маани берилбейт? Буга шайлоочулардын программага карап добуш бербей турганы себеппи?
Али Шабдан: — Былтыркы парламенттик шайлоо өнөктүгү учурунда аймактарды кыдырып жүрүп, бир нерсени байкагам. Кыргызстандагы жалпы электоратты алып карасак, алардын талапкердин же партиянын программасына кызыгуусу ашып кетсе он пайызды түзөт. Региондордо мени таң калтырганы, «кайсы жердин кулунусуң?» деген сыяктуу трайбалисттик маанидеги суроолорду беришет. Ошондуктан талапкер элдин талап кылганына ылайыктап программа жазып калышы мүмкүн. Социалдык тармактарда да талапкерлерден программаларын сурасаң, бир барактын ичиндеги 6 тезистик маанидеги орчундуу маселелерди жазып койгонун көрөсүң, бирок аны ишке ашыруу жолдору көрсөтүлбөйт. Бул электораттын талабы менен болгон синхрондошуу десек болот.
Эгер эл программаларга жакшы анализ кыла турган болсо, талапкерлер да ошого жараша программаларды жазмак. Мен өз башымдан өткөргөм, былтыркы шайлоодо үгүт учурунда аймактарда элди кыдырып жүрсөң, программаңды сурабайт да, уккусу да келбейт.
Азият Жекшеев: — Бир топ партия шайлоого бараткандагы программаларын бирөөдөн көчүрүп алганын да көрүп жатабыз, муну аныктап деле чыгып жатышат. Мисалы, биз да шайлоо өнөктүгүнө катышканда башыбыздан өттү. Программа түзүүдө ар тармактуу адистерди кошуп, үгүт иштери башталганга чейин бир канча ай бою жазып, көпкө чейин даярданганбыз. Бирок аны эл менен жолугушууларга барганда бирөө да уккусу келген жок.
Барганда кандай суроолор болду? «Менин көчөмө суу чыгарып бересиңби?» деген сыяктуу суроолор берилет. Көпчүлүк тилекке каршы, ошол көчөсүндө суу эмнеге чыкпай жатканы тууралуу ойлонбойт. Ал сууну бир гана сенин көчөңө чыгарып койсо, маселе жалпы чечилбейт да. Саясатты жалпы өлкө боюнча жүргүзүү керек. Мындай учурлар бүгүн деле бар.
-Азыркы шайлоо системасы да ушуга жол береби?
Азият Жекшеев: — Азыркы шайлоо системасы да так ошондой болоруна шарт түзүп койгон. Айрым жергиликтүү олигархтар айылдын кичинекей көчөсүн оңдоп берип деле добуштарын сатып алып жатат. Ошондуктан талапкердин шайлоого бара жаткандагы максаттарын, программасын талдап, анализ кылуу маданиятын киргизишибиз керек. Аны кантип киргизебиз? Азыр парламентке келе жаткан депутаттар ушул эле жолдон кете берсе, эч качан мындай маданиятты калыптандыра албайт.
Элге көзүнө көрүнгөн мисал керек. Эгер Кудай жалгап, кайсы бир партия парламентке өтүп, чыныгы программасын ишке ашырып, элге көрсөтө алса, ошондо гана прецедент пайда болот, мына биз убадабызды ишке ашырдык дей алышы керек. Жок дегенде 50 пайызын ишке ашырсынчы. Ошондо ишеним пайда болуп, дебаттарда жеке суроолор эмес, программалык талкуу боло баштайт.
— Саясий партиялар программа жазууда популисттик нерселерден алыс болуу үчүн эмнеге көңүл бурушу керек?
Азият Жекшеев: — Бул абдан кыйын экен. Бизде да бир катар ойлор болгон, «программа ишке жарактуубу же жарабайбы?» деп ич ара талкуулачубуз. Эң негизгиси, программаны кантип аткаруу эң маанилүү. Биз ошондуктан Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эч кандай саясатчыдан көз каранды эмес жаштар тобу биригип, прецедент жасоого аракет кылып, «костюм-шымы» жок эле «Мен депутат болом, мен ушул ишти жасап берем», — деп аттанганбыз. Ошондо электораттын талапкердин программасына кандай мамиле кыларын көрдүк.
— Айрым партиялар чын ниети менен эле программа жазышы мүмкүн, тиешелүү экспертизадан өткөн убадалар да бар экенин айтышат өздөрү. Эл популисттик убада менен реалдуу программаны кантип айырмалап, кантип талдашы керек?
Али Шабдан: — Шайлоочу талапкерге добуш берердин алдында эң башкысы VII чакырылышта келе турган депутаттардын Конституцияда бекитилген ыйгарым укуктары кандай экенин жана саясий эрки барбы, ушул эки нерсени аныктап, билип алышыбыз керек. Шайлоочу көтөргөн маселени чечүүгө депутаттын саясий эрки жетеби?
Биз түшүнүшүбүз керек, мурунку чакырылыштагы депутаттардын ыйгарым укуктары көп болсо да, президентке жүгүнгөнүн көрүп, баарын баштан өткөрдүк. Ал эми VII чакырылыштын ыйгарым укуктары таптакыр жок болуп жатса, «биз көтөргөн маселелерди чече алабы?» деген суроону берүү керек. Финансылык, экономикалык тармакта «биз бул нерсени кыйратып жиберебиз» десе, бул жөн эле жомок экенин түшүнүү керек.
Кээ бир талапкерлер реалдуу нерселерди айтып жатканын көрүп жатабыз. Алар: «Биз силерге трибуна болуп бере алабыз», — деп жатат. Бул реалдуу нерсе, депутаттын колунан келе турган иш. Муну айтып жаткан депутат түшүнүп жатат, эртең парламентке келип калса, эч нерсе кыла албай турганын, колу кнопка басканга эле жетерин түшүнүп жатышат да. Ал мамлекетте болуп жаткан кайсы бир мыйзамсыздык же дагы башка терс көрүнүштөр тууралуу элге, шайлоочусуна айта алат, трибуна болуп берет. Чыныгы депутат болуп иштегиси келгендер муну түшүнүп турат. Айрымдары: «Айылдарга мектеп салып берем, мынча миң сомдон берип салабыз, экономикабыз мындай өнүгүп кетет», — дей берсе, бул — жөн эле жомок. Биз ушуну айырмалай алышыбыз керек.
— Партиялардын бири программасында бир мандаттуу округ түзөбүз деп жатат. Парламенттик башкарууну колдойбуз дегендери да бар. Азыр президенттик башкарууга өтүп, парламенттин таасири азайган учурда башкаруу системасын өзгөртүү бир партиянын колунан келеби? Бул убада канчалык реалдуу болушу мүмкүн?
Азият Жекшеев: — Мен да ушундай өзгөрүүнү – башкаруу системасын өзгөртүүнү каалаган адамдарданмын. Децентрализация бизге сөзсүз керек. Биз башынан эле ушуну айтып келе жатабыз. Бирок азыр кайсы партия же талапкер келбесин, муну аткара албайт. Азыркы парламентти «күчүк парламент» деп койсок болот. Микрофонго чыгып, кыйкырып-өкүргөнү эле болбосо, мыйзамдарга кийлигишүүгө, жокко чыгарууга, кабыл алууга шарты, мүмкүнчүлүгү аз болот.
Али Шабдан: — Кээ бир талапкерлер: «Мен президенттик шайлоого барам» же «Биз парламенттик башкарууну киргизебиз», — деген сөздөрдү айтып жатышат. Бул сөздөрдүн түпкү мааниси башкада. Алар конструктивдүү, мыйзамдуу жол менен азыркы башкаруу системасын алмаштыруу мүмкүн эмес экенин түшүнүп жатат. Бизде шайлоо боло берет, бирок шайлоодон кийин ар кандай жагдай болуп кетиши мүмкүн деген сигналды берип жатышат. Эгер оппозиция Конституцияны мыйзамдуу жол менен жакшы жакка багыттаганга колунан эч нерсе келбей, эч кандай рычагдары жок болуп кала турган болсо, төңкөрүшкө байланыштуу чакырыктар пайда боло баштайт. Бул — абдан күчтүү чакырык.
— Бул шайлоодо өзгөрүү болоруна ишенесизби?
Азият Жекшеев: — Өзгөрүү өзүбүздүн аң-сезимден башталат. Биз ошого умтулушубуз керек. Азыр шайлоо алдында кандай гана убадалар айтылбасын, таза шайлоо өтөт деп президент тарабынан көп айтылып жатат, бирине да көңүл бурбай, өзүбүз анализ кылалы. «Бул айтылгандар канчалык реалдуу, эмнеге эртеси күнү кайра өзгөрүп кетип жатат?» деп ойлонуп, ичибизде революция кылышыбыз керек.