Марал Радиосу

УКМКнын Ат-Башы райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 24-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда УКМКнын Ат-Башы райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү.

Ат-Башы райондук бөлүмүнүн жаңы курулган имараты кызматкерлер үчүн керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган жана иштөө шарттары талапка жооп берет.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Нарын облусу боюнча имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлдү, имараттын алдыңкы бөлүгү толугу менен жаңыланып, спорт залы да пайдаланууга берилди.

 УКМКнын бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери улантылууда.