Марал Радиосу

Кыргызстанга Moderna вакцинасынын 115 миң дозасы келет

Кыргызстанга эртең COVAX долбоорунун алкагында Moderna вакцинасынын 115 миң дозасы келет. Бул тууралуу Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине билдирген.

Анын айтымында, вакцина Бишкек шаарынын жашоочуларына 2 күн аралыгында жеткиликтүү болот.  Ал эми өлкөнүн башка аймактарына вакцина бир аптанын ичинде жеткирилет.

Moderna вакцинасы америкалык Улуттук аллергия жана жугуштуу оорулар институту тарабынан иштелип чыккан.