Марал Радиосу

Антимонополия агенттиги көмүрдүн баасына көзөмөл жүргүзүүдө

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан көмүрдүн баасын ашыкча көтөрүүгө жол бербөө максатында 400гө жакын билдирүү жөнөтүлгөн. Бул тууралуу аталган агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Белгиленген бааны сактоо жана көмүр базарындагы абалды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

23-ноябрга карата Монополияга каршы орган республика боюнча жалпысынан көмүр сатуучу 867 жайды текшеришкен. Баанын жогорулашына жол бербөө боюнча 392 билдирүү берилип, мыйзам бузууларды четтетүү боюнча 135 көрсөтмө жана эреже бузган ишкерлерге 30 айып салынган.