Марал Радиосу

Бир мандаттуу округдан Ош менен Таласта бир да аял талапкер жок

18-ноябрга карата бир мандаттуу округдар боюнча 297 талапкер катталган. Ош жана Талас облустарында бир да аял талапкер жок. Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында 20 аял талапкер бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүгө узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө «Жалпы иш» коомдук фондунун алдын ала отчётунда айтылат.

Отчет парламенттин депутаттарын шайлоо белгиленген учурдан тартып, 29-августтан 18-ноябрга чейинки мезгилге тиешелүү болуп, талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо жол-жоболорун, талапкерлердин тизмесин, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларын түзүү жана ишмердигин, шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн жана актуалдаштыруунун жол-жоболорун, маалымдоонун жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мезгилин, ошондой эле тийиштүү инстанцияда шайлоо мыйзамдарын жана кайрылууларды берүүнүн бузулууларын аныктоону камтыйт.

Жалпысынан 21 саясий партия катталган, алардын көбү таптакыр жаңы. VI чакырылыштагы парламентке кирген партиялардын ичинен алдыдагы шайлоого «Ата Мекен» гана барат. Парламенттин башка фракцияларынын депутаттары башка партиялардын талапкерлеринин тизмесине кирген же бир мандаттуу округдарда талапкерлигин көрсөтүлгөн.

Байкоочулардын маалыматына ылайык, өлкөдө шайлоонун алдындагы коомдук-саясий кырдаал салыштырмалуу тынч. Шайлоо алдындагы мезгил мурдагы шайлоо өнөктүктөрү сыяктуу эле пандемия шартында өтүп жатат. Мында, экономиканы калыбына келтирүү жай темп менен жүрүп жатат, тиешелүүлүгүнө жараша, өлкөнүн көпчүлүк жарандарында оор социалдык-экономикалык абал белгиленет. Байкоочулар жумушсуздуктун көбөйүшүнө, тама-аш азыктарынын бааларынын өсүшүнө, Бишкектин чет жакаларында жана аймактарда электр энергиясынын өчүрүлүшүнө, экологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу жарандардын нааразычылыгын белгилешүүдө.

Шайлоо укуктарын ишке ашырууга кайрылсак, фонд «Форма-2» боюнча өлкө ичинде шайлоо дарегин алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга байланышкан айрым көйгөйлөр бар экенин белгилейт. Жогорку Кеңеш жарандардын жигердүү шайлоо укугун ишке ашыруу үчүн башка мүмкүнчүлүктөрдү карашы керек болчу. «Форма-2нин» жокко чыгарылышына байланыштуу иш жүзүндө жашаган жери каттоосу менен дал келбеген студенттер, ички мигранттар жана башка айрым категориядагы жарандар алдыдагы шайлоодо добуш бере алышпайт.

Алдыда боло турган шайлоолордогу дагы бир жаңылык талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорун ачык көрсөткөн «Финансылык ачыктык» автоматташтырылган маалымат системасын ишке киргизүү болуп саналат.

Шайлоо фонддорунун талдоосу көрсөткөндөй, эң көп шайлоо фондуна ээ болгон төрт партиянын («Ата Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Альянс» жана «Ынтымак») акчасы жалпы 99,3 миллион сомду түзөт, бул калган 17 партиянын шайлоо фонддорунун жалпы суммасынан (67,6 млн. сом) ашат.

Эң көп көрнөк-жарнак, штаб жана үгүтчү беш саясий партияда байкалган: «Ата Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Альянс», «Ынтымак» жана «Эл үмүтү».

Фонд тарабынан жүргүзүлгөн байкоочулардан келип түшкөн отчёттордун талдоосу көрсөткөндөй, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жана шайлоочулардын добуштарын сатып алуу барган сайын татаалыраак ыкмалар менен жүргүзүлүп жатат, бул аларды аныктоону жана далилдүү база катары тастыктоону кыйындатат. Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды сатып алуу үчүн үчүнчү жактар тартылып жатканы, ал эми сатып алуу көбүнчө ар кандай иш-чараларды (тойлор, куран окутуулар, мааракелер ж.б.) өткөрүү менен жаап-жашырылып жатканы тууралуу билдирүүлөр түшүп жатат.

Жалпысынан фондго 25-октябрдан 18-ноябрга чейин узак мөөнөттүү байкоочулардан шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 127 билдирүү келип түшкөн, анын ичинде шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу боюнча 111 билдирүү, добуштарды сатып алуу боюнча 8 билдирүү жана административдик ресурстарту кыянаттык менен пайдалануу, кысым көрсөтүү, зомбулук жана коркутуулар боюнча 8 билдирүү. Эң көп мыйзам бузуулар боюнча билдирүүлөр Ош облусунда, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган.

Exit mobile version