Марал Радиосу

«Бишкек жашыл чарба» ишканасы 150 миң жоогазын отургузду

Бишкекке жоогазын көчөтүн отургузуу иштери башталды. Быйыл борбордун гүлбакчаларына жалпысынан 150 миң жоогазын уругу себилди.

Эми шаардыктар жазында Жаштар аллеясында, Пушкин көчөсүндө Курманжан датканын эстелигинин жанындагы Театралдык парктагы жана Фрунзе менен Ибраимов көчөлөрүндөгы, Ахунбаев-7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги жоогазындардын кооздугуна ырахат алышат.

Эске сала кетсек, былтыр жазында борбор калаада 130 миң жоогазын отургузулган болчу.

Жоогазындар соолугандан кийин тамырын казып, кургатып, кийинки күздө кайра отургузса болот.