Марал Радиосу

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан бир адам каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунун 187-чакырымында болгон жол кырсыктан бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Унаа жолдон «Мерседес-Бенц Гигант» менен «Лексус RX-350» кагышкан. Кырсыктын кесепетинен «Лексустун» айдоочусу каза таап, дагы үч адам жаракат алган.

Окуя болгон жерде унаа жолдун 154-чакырымында нөөмөттө турган куткаруучуларды даярдаган мамлекеттик борбордун кызматкерлери иш алып барган.