Марал Радиосу

Шайлоо: Баткенде миңден ашык милиция коомдук коопсуздукту көзөмөлдөйт

Баткенде 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо күнү 1 миң 200гө жакын милиция кызматкери коомдук коопсуздукту көзөмөлдөйт, ага элдик кошуундар жардам берет. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги шайлоону өткөрүүдө укук бузуулардын алдын алуу, мыйзам бузуучулукка жол бербөө, ошондой эле шайлоого аралашпоо боюнча бир катар эскертүүлөрдү берди.

Ошондой эле милиция кызматкерлеринин шайлоо алдындагы кызматтарына даярдыгы текшерилди. Ар бир кызматкердин формасы жана кызматтык күбөлүктөрү текшерүүдөн өткөрүлдү.

Шайлоо тилкелерине бөлүнгөн кызматкерлер Баткен облустук милициясы тарабынан чыгарылган чөнтөк китепчелер берилген.