Улуттук тарых музейи санитардык тазалоо иштерине байланыштуу эртең, 22- ноябрь күнү жабык болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Музей өз көрөрмандарын 23- ноябрдан тарта саат 10:00дөн 18:00 чейин кабыл алуусун улантат.
Беш жылдан бери жабык турган Тарых музейи 19-ноябрда расмий ачылды.
Музейге 20-ноябрдан 30-ноябрга чейин кирүү акысыз, андан кийин акылуу кызмат көрсөтүлөт.