Марал Радиосу

Бүгүн Мирзиёев менен Путин жолугушат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Москвага учуп кетти. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин расмий сайтына жарыяланды.

Бүгүн, 19-ноябрда Москвада жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтө турганы пландалган.

Мамлекет башчылары эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди чыңдоо маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле бир катар документтерге кол коюу каралган.

Өзбекстанда президенттик шайлоо 24-октябрда өткөн. Анда Шавкат Мирзиёев 80,4% менен жеңишке жетип, экинчи ирет президент болуп шайланды.