Марал Радиосу

Гурас Жапаров: Финтех мыйзамы чийки бойдон

«Финтехти өнүктүрүү жөнүндө» мыйзам долбоору чийки. Мындай пикирин экономика илимдеринин доктору Гурас Жапаров «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоордо жалаң эле банк продуктулары каралган. Финансылык технологиялар банк системасын эле карабайт, мунун ичинде камсыздандыруу, биржа жана башка ушуга окшош көп нерселер бар.

Экинчиден, ар бир мыйзам долбоорунун аягына бул мыйзам кабыл алынып калса, кайсы тармакка таасири тийет, жыйынтыгы эмне болот, кимдерге тиешелүү деген сыяктуу анализ жазылышы керек. Бул долбоордо андай анализ жок.

Үчүнчүдөн, негизги түшүнүктөргө эки эле түшүнүк киргизилген: финансылык технология деген эмне жана атайын регулятивдүү режим. Иш жүзүндө финансылык технологиянын ичинде өтө көп түшүнүк бар, алар тууралуу сөз жок.

«Чынында жакшы мыйзам алабыз десек, «Санарип экономика тууралуу мыйзам» болушу керек. Анан ошонун ичинде финансылык технологиялар жана башка компоненттер камтылышы керек. Улуттук банктын бул жакка тиешеси болбошу керек. Экинчиден, чындап жакшы мыйзам жазалы десек, анда 3 тармакты чакырышыбыз  керек: Санариптик өнүктүрүү министрлигин, Коммерциялык банктардын ассоциациясын,  Камсыздандыруу ассоциациясын. Ушул үчөөнү бириктирип отуруп алып, илимий окумуштууларды чакырып, анан мыйзам иштеп чыгуу керек. Бул жакта жалаң эле банк системасы болуп калыптыр. Ошого карабастан, банк системасы да жакшы каралбаптыр. Төлөм системасы менен уставдык капиталын эле карап,  финтехке 18 млн эле уставдык капитал керек деп коюшуптур. Андай болбойт. Банк системасына тийишпегиле. Банк системасында төлөм системасы менен уставдык капитал өзүнөн өзү өнүгүп атат», — дейт экономист.

Ал мыйзам долбоорунун аталышында «финтех» деп кыскартылып жазылганын сындап, аталышы эле адамды иренжитерин билдирди.

Exit mobile version