Марал Радиосу

Инспекторду унаасына сүйрөткөн таксист кармалды

Милициянын кайгуул кызматы инспекторду унаасына сүйрөтүп кеткен айдоочунун окуясы тууралуу маалымат таратты.

Бүгүн, 18-ноябрда болжол менен саат 11:30 чамасында Бишкектин Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.

Айдоочу талапка баш ийбей, каршылык көрсөтүп, алдын тоскон жол кайгуул кызматкерин сүйрөтүп кеткен.

Учурда айдоочу кызматкерлер тарабынан Октябрь райондук ИИБине жеткирилген. Толук маалымат такталгандан кийин берилет.