Марал Радиосу

Фролов менен Ибраевдин финтех мыйзамы кайрадан коомдук талкууда

Октябрь айында Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында четке кагылган Финансылык технологиялар же кыскартып айтканда, Финтех боюнча мыйзам долбоору 17-ноябрда кайрадан коомдук талкууга коюлду. Буга чейин аталган мыйзам өлкөнүн каржы тармагын кыйрата турганы айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Мыйзам долбоорунун автору жана демилгечиси депутат Саматбек Ибраев чуулгандуу мыйзамдын атын өзгөрткөнү менен маңызын ошол бойдон калтырган. Мыйзамдын тобокелчиликтери жана Кыргызстандын каржы системасына тийгизген коркунучтары боюнча кененирээк токтолобуз. 

Кыргызстанда каржы технологияларын тез өнүктүрүүгө шарт түзүү максатында эл өкүлү Саматбек Ибраев «Улуттук банк жөнүндө» мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Ага Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов каршы пикир билдирип келген. Сунушталган мыйзамда финтехке таандык баалуу металлдарды Улуттук банктын резервинде сактоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу каралган. Эксперттер Абдыгуловдун кызматтан кетүүсүн дал ушул долбоорго байланыштырып келишет.

Октябрь айында өткөн Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында аталган мыйзам четке кагылган. Ошондой эле Улуттук банк менен Экономика жана финансы министрлиги да мыйзамга каршылык билдирген. 17-ноябрда «Финтехти өнүктүрүү жөнүндө» мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына кайрадан коомдук талкууга коюлду.

Аты өзгөртүлгөн финтех боюнча жаңы мыйзамда Ибраев мурда айтылгандарды эле кайра сунуштаган:

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Ибраевдин каржы тармагында тажрыйбасы да, билими да жок экени айтылып, мыйзам долбоорун орусиялык банкир Владимир Фролов менен биргеликте иштеп чыкканын сынга алышкан. Ошондой эле Фроловдун Кыргызстанда жүргөнү коомчулукта ар түрдүү кооптонууларды жараткан.

Саматбек Ибраев мыйзам долбооруна байланыштуу сын-пикирлер каржы тармагына жеке кызыкчылыгы бар адамдар тарабынан айтылып жатат деп эсептейт.

Жаңы мыйзамда Улуттук банктын берген сунуштарынын негизинде, финансылык технологияларга түшүндүрмө берүүгө көбүрөөк басым жасалган.

Саматбек Ибраевдин айтымында, мыйзам долбоору эл аралык эксперттер менен кеңешилип жазылган. Жаңы мыйзам каржы тармагында ачык-айкындыкты толук камсыз кылат.

«Улуттук банктын талаптарына ылайыктап жаздык. Негизинен мен Улуттук банк бул мыйзам боюнча өзүнүн туура оюн айтат деп ойлойм. Мыйзам эл аралык эксперттер менен кеңешилип жазылды, дүйнөлүк практикадан сыртка чыгып кеткен жокпуз. Кызыкчылыктар боюнча айта турган болсок, бул — Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын коргогон мыйзам. Тармакты жакшы билген кесипкөй адистер болсо, бул мыйзамды толук эле түшүнөт. Владимир Фролов — эл аралык эксперт. Ал өзүнүн кеңешин дайыма айтып келген, азыр да айтат. Жалгыз эле Кыргызстанга эмес, дүйнөлүк каржы уюмдарына да кеңешин айтып келет».  

Экономист Элдар Абакиров мунун түбүндө экономикалык, социалдык, каржылык чоң кыйроого алып келе турган кадамдарга жол ачылуу ыктымалы жатканын айтып, Улуттук банкты саясатка аралаштырбай, көз карандысыз иш жүргүзүшү керек деп эсептейт.

«Ал жерде негизги маселе Улуттук банк жеке кардарлар менен иштебеши керек. Улуттук банктын негизги кызматы башка. Алар инфиляцияны көзөмөлдөп, акча-монеталык саясатка, сомдун туруктуулугуна жооп берет. Анан кайдагы бир жеке кардарлар менен мамилеге өтүп, Улуттук банктын резервдерин жана ролун тобокелчиликке салбоо керек. Эми ал финтех деп биткоин, криптовальютаны киргизип жатканын мурунку версиясында көргөм, бирок ал такыр туура эмес. Жеке тараптын баалуулуктары жөнөкөй эле банктарга сакталышы керек, Улуттук банк ал иштерге катышпашы керек. Эң чоң коркунуч Кыргызстандын түзмө-түз сомуна, экономикасына, резервдерине тиет. Тактап айтканда, өлкөнүн эң түпкүлүгү акча экономикасына түз сокку болушу мүмкүн».

Негизи кайсы бир жаран же мекеме өлкө ичинде акча жүгүртүү операциясын лицензия алып, Улуттук банктын көзөмөлү астында жүргүзөт. Бул долбоор мыйзамдаштырылса, фирмалар же жеке адамдар кайсы бир тиркемелер аркылуу банктын катышуусуз акча жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк алат. Тактап айтканда, Улуттук банктын көзөмөлүнүн кереги жок болуп, каалаган жаран фирма ачып, акча операцияларын жасай берсе болот. Ал нерсе арам акчаны адалдоо тобокелчилигине алып келет.

Экономика илимдеринин доктору Гурас Жапаров финансылык технологияларды Улуттук банкка аралаштырбай, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин астында каржы жана IT адистери менен биргеликте иштеп чыгуу керектигин айтат.

«Финансылык технологиялар — жаңы банк продуктулары, жаңы механизмдер, жаңы каржылоо булактары. Элге тиркеме түрүндө жаңы кызмат түзүү, жаңы насыя ыкмалары. Учурда жогорку технологиялардын өсүшүнө байланыштуу сунуштап жатат да. Азыр категорияларды алмаштыруу болуп жатат. Мен айтып коёюн, финтехтин мыйзамдары Улуттук банкка аралашпашы керек. Улуттук банк өзүнчө чоң институт, аны бул жакка чаптап салган болбойт. Анын ордуна биздин Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте иштеп чыгуу керек. Улуттук банк өзүнүн милдеттерин аткарсынчы, ага тийишпесин. Бул мыйзамдын артында бирөөнүн кызыкчылыгын калкалоо жатат. Ачыгын айтсак, мында «майнинг компанияларга уруксат бергиле» деген сөз болуп жатат. Энергетикабыз «өлүп» жатса, кайдагы майнинг?».

Финансылык технологиялар каржылык өндүрүмдөрдү түзүү үчүн заманбап технологияларды колдонгон каржы секторундагы компаниялардын кызматтарын камтыйт. Айрыкча, Block Chain жана криптосоода дүйнөдө кеңири жайылган. Финтех мыйзамы кабыл алынса, өлкөгө кандай акча кирип жатканын биле албай калабыз. Арам акча адалданган жерде криминалдар баш көтөрөт, коррупциялык схема күчөйт, экономикада, саясатта башаламан кырдаал пайда болот.