Ош облусунун Ноокат районунда жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөө бүгүн, 17-ноябрда таңы саат 4:30да болгон. Очогундагы күчү 3 баллга, Сөгөт, Будалык айылдарында 2,5 баллга жеткен.
Кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.