17-ноябрга караган түнү Тогуз-Торо районунун Чет-Булак айылындагы мектеп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Каргалык айыл аймагындагы Маатмуса Абдыжапаров атындагы мектептин өрттөнүп жатканы боюнча маалымат ӨКМдин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнө түнкү 00:10до түшкөн. Өрттү өчүрүүгө эки өрт өчүрүү бөлүмү, 10 куткаруучу, бир ыкчам топ тартылган. Имарат 1:03тө курчоого алынып, таңкы 7:00дө толук өчүрүлгөн.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, өрттөнүп кеткен мектеп авариялык абалда болгон. Анын ордуна жаңы мектеп мындан 5 жыл мурун башталган. Бирок курулуш иштерине бюджеттен каражат бөлүнбөй, чатыры жабылбай турган. Быйыл 5 млн сом бөлүнөт деп айтылганы менен, азыркыга чейин курулушу улантыла элек.