Марал Радиосу

Антикоррупциялык ишкердик кеңештин жыйынында резолюция кабыл алынды

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаарында Президентке карашту Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин биринчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча Резолюция кабыл алынды.

Талкуунун жыйынтыгында төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

— Коррупцияга каршы стратегиясынын концепциясын негиз катары кабыл алуу;

— Жумушчу топту түзүү жана 2021-2024-жылдарга Кыргызстандын коррупцияга каршы саясатынын стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу;

— Коррупцияга каршы эл аралык күндү өткөрүү боюнча сунуштарды киргизүү.