Марал Радиосу

Бажы кызматкери армлифтинг боюнча Дүйнө чемпиону болду

Бажы кызматкери Андрей Ливерко армлифтинг боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Чемпиондук Бишкек шаарында 12-14-ноябрда өткөн.

Мелдешке Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь, Азербайжан, Индия, Ирак, Алжир, АКШ, Монголия, Грузия жана башка мамлекеттердин спортчулары катышкан.