Марал Радиосу

«Унаа» ишканасы дээрлик 500 млн сомго тендер жарыялады

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемеси 15-ноябрда Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланкасын даярдоо үчүн кайрадан тендер жарыялады.

Порталда ишти аткаруунун баштапкы суммасы 448 млн 800 миң сом экени көрсөтүлгөн.

Ишкана тендерди экинчи жолу өткөргөнү турат. Белгилей кетсек, 12-сентябрда Актилек Капаровдун «Садыр Жапаровдун кудасы жана жарым миллиардык тендер» аттуу «Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк жана унаалардын техникалык паспортун даярдоо үчүн жарыяланган тендердеги көмүскө иштерди иликтеген видеомакаласы Temirov LIVE Ютуб каналында эфирге чыгып, социалдык тармактарда катуу талкуу жараткан.