Марал Радиосу

Эртең «Ак шумкарлар» Бахрейн курамасы менен беттешет

Футбол боюнча Кыргызстандын  улуттук курама командасы кийинки жолдоштук беттешин өткөрүү үчүн Манама шаарында машыгуусун баштады. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан кабарлашты.

Эртең, 16-ноябрда Манама шаарында «Ак шумкарлар» менен Бахрейн курамасы оюн өткөрөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстан курама командасы 11-ноябрда БАЭде Сингапур курамасы менен беттешип, оюн 2:1 эсебинде «Ак шумкарлардын» пайдасына аяктаган.

Оюндар 2023-жылы боло турган Азия кубогуна даярдык көрүү катары өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2023-жылы боло турган Азия кубогунун квалификациясынын финалдык туру үй-конок форматынан борборлоштурулган форматка өзгөртүлгөн. Тандоо турунун тайпалык оюндары 2022-жылы 8-июнда, 11-июнда, 14-июнда болот.